«Ар бири Курманжан даткага тете». Москвада 100дөн ашуун энелердин катышуусунда иш-чара өттү

Кечээ, 4-май күнү Орусиянын Москва шаарында «Ак Нур» коомдук бирикмесинин төрайымы Асылкан Төлөнбаеванын демилгеси менен 100дөн ашуун энелердин башын бириктирген Энелер күнүнүн урматына маараке өттү. Ал иш-чара тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

«Ак Нур» коомдук бирикмесинин колдоосу менен, «Данакер» коому тарабынан «Эне ыйык, эне кымбат баарынан» аттуу майрамдык кече болуп өттү.Чет өлкөдө жүргөн ар бир эне, үлгүлүү жүрүш-турушу менен коомго салым кошуп жаткан асылзаада айымдар, эки элдин достугуна кошкон салымы менен, сабырдуулугу менен, өлкөсүнө жөнөтүп жаткан каражаты жана топтоп жаткан тажрыйбасы менен Курманжан энебиздин урпагын татыктуу улаган мыкты айымдар жана Датка айымдаргага тете салым кошуп жатат. Иш-чарага карата кыздар программа даярдашкан, концерттин коштоосунда мыкты өттү, келген коноктор мындайды күтпөгөнүн айтышып, жакшы маанайда кетишти. Кыргызстанга барганда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолугуп, ага жогорудагы иш-чараны өткөрүү мерчемделип жатканын айткан элем. Кечээ күнү мааракеде анын салам-дубайын да жеткирдим. Иш-чарада «Ак Нур» коомдук бирикмесинин атынан коомго кызмат өтөп, эл үчүн иш туткан энелер «Датка-Айым» төш белгиси менен жана Ардак грамоталары менен сыйланышты”, — деди Асылкан Төлөнбаева.

Экс-депутат Орозайым Нарматова социалдык тармактагы баракчасында жогорудагы иш-чара жана анын демилгечиси тууралуу жазды. «Менин эркиндикте жүрүүмдүн себепкерлеринин бири ушул эжекем десем жаңылышпайм. Маареке мыкты өтүптүр, сиз мыктысыз жана керемет жансыз Асыл эне!» деп жазды ал.