«Ар кандай кептерге чекит коёлу». Депутат чек арадагы окуяда чогултулган акча тууралуу маалымат сурады

Бүгүн, 1-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Баткендеги чек арадагы окуяда чогулган акчалар тууралуу маалымат берүүнү талап кылды.

«Бизге эмдигиче так маалымат жок. Ушуну угалы. Штабдын башчысы келип айтсын, канча акча чогулду, кимге кетти, гумжардам жеттиби, канча үй курулуп жатат. Ар кандай кептерге чекит коёлу. Келсин да маалымат берсин», — деди ал.

Ал чек арада каза болгон жигиттерге «Баатыр» наамын берели деген сунуш унутулуп бара жатканын да айтты.