Арал-Казарман жолуна таш кɵчкү түшүп, бир тараптуу каттам берилди

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 283-284-чакырымдар аралыгына түшкɵн таш кɵчкү тазаланып, бир тараптуу каттам берилди.

24-июль күнү болжол менен саат 12:00дө Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 280-281-чакырым аралыгында тоо бетинен ири көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштерине министрлик алдындагы №18, 14, 955-Жол тейлөө ишканалары тартылган. Кɵчкүнүн кɵлɵмү чоң болгондуктан 14 атайын техника жана 18 кишиден турган жол кызматкерлери тынымсыз иш алып барган. Жалпысынан 141000 м3 таш көчкү тазаланды.