Бишкек – Ош унаа жолундагы Токтогул районунун «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 11:35те алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Белгилей кетсек, кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында “Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ саат 19:25тен тартып (№23 ЖТИнин сунушу боюнча) убактылуу чектөө киргизилген.