“Аралыктан окуу көйгөйү себеп болгон”. Бишкекте окуучу 17-кабаттан секирип, каза болду

Бишкекте 10 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип, каза болду. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 21-октябрда саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн терезесинен, тагыраагы 17-кабаттан өспүрүм секирип кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 10 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денесин табышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми айрым маалымат булактарынын жазгандарына таянсак, социалдык тармактарда өздөрүн өспүрүмдүн кошунасы атаган колдонуучулар окуучунун суицидке баруусуна аралыктан окуудагы көйгөйлөр себеп болгонун жазышкан.