Арапа, Курман айт күндөрү Ош шаардык милициясы коомдук коопсуздуктун сакчылыгында болот

Айт, арапа күндөрү Ош шаардык милициясы коомдук коопсуздуктун сакчылыгында болот. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эртеӊки айт-арапа күндөрүнө карата Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызматтарын күчөтүшөт. Бардык айт намазы окула турган 43 мечитте милиция кызматкерлери кызматта болушат«,- деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, башкармалыктын бардык кызматкерлери бул күндөрү бөлүнгөн аймактарда: мечиттерде, коомдук жайларда, эс алуучу бак-скверлерде кызмат өтөөнү улантышат.