Араван районундагы мектеп-интернаттын окуучуларынын турмуш-тиричилик шарттары канааттандырарлык эмес. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу борборунан билдиришти.
14-февралда Улуттук борбор тарабынан Араван районундагы Тургунов атындагы мектеп-интернатына алдын ала баруунун жүрүшүндө балдар интернаттарына тиешелүү мамлекеттик стандарттардын жана ченемдердин талаптары одоно түрдө бузулгандыгы аныкталган.
• Идиш-аяк жана эмерек жаңыланууга муктаж.
• Тамак-аш даярдоонун сапатын эсепке алуучу жана көзөмөлдөөчү журналы жок.
• Азык-түлүктөрдү сактоо эрежелери сакталбайт (жашылчалар жерде сакталат, бузулган жашылчалар өз убагында сорттолбойт).
• Мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктары аныкталган (11 колбасанын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен).
• 4-6-класстын кыздары үчүн эки уктоочу бөлмөдө жайгаштыруунун белгиленген санитардык ченемдерин бузуу аныкталган (бир окуучуга аянты 4 чарчы метрден кем эмес болушу керек). Биринчи бөлмөдө бул көрсөткүч 1,59 чарчы метрди, ал эми экинчисинде 2,72 чарчы метрди түзгөн.
• Дааратканадагы жана мончодогу антисанитардык абал. Даараткананын эшиктери ичинен жабылбайт. Гигиеналык каражаттар (туалет кагазы, кумура, суу) жок. Туалеттин жанында кол жууган жер жок.
• Сырттагы ажаткананын аянты азыркы балдардын санына (405 окуучу) туура келбейт.
• Уктоочу бөлмөлөрдө шкафтар жана тумбочкалар жок.
• Бир окуучунун керебетинде матрац болгон эмес.
• Медициналык кабинетте аптечка жок.
• Бардык эле журналдар жана китептер жеткиликтүү эмес.
• Дары-дармектер жетишсиз санда, алардын ичинен жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткендери аныкталган.
• Кеңседе суу жок, тумбочкасы бар кол жуугуч колдонулат.
«Мекемеде кармоо шарттары балдардын укуктарын одоно бузуп жатат. Алдын ала баруунун жыйынтыгы менен акт түзүлүп, мектеп-интернаттын жетекчилигине өткөрүлүп берилди. Жетекчиликтин айтымында, бир жуманын ичинде бардык мыйзам бузуулар оңдолот», — деп айтылат маалыматта.