“Арча-Бешик” жаңы конушунда таза суу берүү белгилүү график боюнча уланууда. Ошондой эле, «Бишкек суу канал» башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 12 суу ташуучу техникалары менен ичүүчү сууну жеткирүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Суу ташуучу техникалардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, Аэропорт суу алгычынан ичүүчү суу менен толтурулат. Ичүүчү суунун сапаты химиялык-бактериологиялык лаборатория тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Ленин районунун акими шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен жашоочуларга таза суу көйгөйлөрүнүн пайда болушун, аны чечүү жолдору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен аталган конуштун тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоону көзөмөлдөө боюнча штаб түзүлгөн.
Суу менен камсыздоо боюнча бардык суроолорду 1850 кыска номерине жөнөтсөңүздөр болот.