Арча-Бешик конушунун тургундары жолду буушту деген видео тарады

Арча-Бешик конушунун тургундары Түштүк магистралды буушту деген видео тарады. Алар суу көйгөйүн чечип берүүнү талап кылышууда.

Бүгүн, 7-июнда депутат Дастан Бекешев «эл суу көйгөйү боюнча көчөгө чыгат» деген болчу. Ага жооп иретинде парламенттин спикери Нурлан Шакиев «Жогорку Кеңеште карасак эле мөңгү эрип, суу көбөйүп кетпейт» деген.