Арча-Бешикте ташталган ымыркайдан тубаса жүрөк кемтиги аныкталган

5-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бакытбүбү Шамырканова Арча-Бешик конушунан табылган ымыркайдын абалы тууралуу айтып берди.

Ал Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдиргендей, бала 20-ноябрда саат 23:05те табылган, саат 23:11де №2 төрөт үйүнө жеткирилип, реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Текшерүүдө абалы оор экени, үшүк алганы аныкталган. Жаңы төрөлгөн ымыркай №2 төрөт үйүнө түшкөндөн баштап бардык керектүү клиникалык жана лабораториялык текшерүүлөрдөн өтүп, эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлган.

Төрөт үйүндө дарылангандан кийин абалы турукташып, дарылоонун экинчи этабында 24-ноябрда ымыркай Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулган. Дарылангандан кийин 1-декабрда балдар үйүнө которулган. Ымыркайга энцефалопатия, ошондой эле тубаса жүрөк кемтиги жана неонаталдык анемия деген диагноз коюлган. Бардык керектүү лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүлдү, анализдери жакшы, абалы канааттандырарлык, физиологиялык рефлекстери бар. Бала дарыгерлердин көзөмөлүндө.

19-ноябрда милицияга Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды баштыкка байлап, кутуга салып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Кылмышка шектелип, 20 жаштагы келин кармалган. Кийин баланын атасы абакта экени маалым болгон. Ал эми келин үй камагына чыккан.