Ардактуу архитектор Равиль Муксинов дүйнө салды

Кыргызстандын архитекторлор коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. Белгилүү окумуштуу, архитектуранын доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, ардактуу архитектору Равиль Муксинов узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Ал Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына, Ленинградда блокадада калгандарга арнап, Кыргызстанда жана башка жерлерде көптөгөн архитектуралык комплекстерди, монументтерди, эстеликтерди жасаган.