Арген Асанов менен Аружан 8 балалуу SUPERTV’нын каарманына кандай жардам беришти? (видео)

Буга чейин блогер Арген Асанов гив оюн уюштуруп, «Ала-Тоо» аянтында элге таратмак. Аянтта эл көбөйүп, мыйзам бузуу болгондуктан милиция кызматкерлери аны кармап кетип, айыпка жыгылганы маалым. Аталган каражатты Арген мырза жубайы Аружан Бекешева менен биргеликте жардамга муктаж адамдарга берүүнү чечип, SuperTV`нын каарманы болгон 8 балалуу энеге жардам кылышты.

«Эжеге 8 баласы менен албетте оор. Жолдошу да жок болсо. Азыр 1 баланы багуу кыйын» деген Арген Асанов батирдин 1 айлык ижарасын төлөп берерин айтты. «Балким бул жерден чоң батир таап беребиз», — деди ал.

Ал эми Аружан өзүнүн атынан мектепке бара турган 2 баласын мектепке даярдарын убадалады. «Жумушка орноштурууга аракет кылабыз. Сиз да аракет кылышыңыз керек», — деди Аружан.