«Аркабыздан келип ок тийгенде Мадина ошол жерден жан берди» дейт Баткенде шейит кеткен кыздын апасы

28-апрель күнү Баткенде куралдуу кагылыштан улам кыргыз тараптан 183 тургун жараат алып, 36 киши каза болгон. Алардын арасында 12 жаштагы Мадина Рахматжанова да бар болчу. SUPERTV’га Мадинанын апасы Нарбүү Хамдамова кызы жөнүндө эскерди.

Мен жумуштан чарчап келип, үйгө кирип кичине эс алып алайын деп жаткам. Ал убакта кошуналарыбыздын баары айылдан көчүп кетиптир. Бир кошунабыз намаз окуп үйүндө экен. Ал акеден абал кандай деп сурасам, тынч эле деп айтты. Бир убакта кыздарым «апа биз дагы качалы» деп чуркап келишти. Эки кызым менен качып жөнөдүк. Асмандан ок учтубу, кулагым тунуп калды. Көп өтпөй аркабыздан келип ок тийгенде Мадина ошол жерден жан берди”, — дейт Баткенде шейит кеткен кыздын энеси.