Нарын облустук бириктирилген оруканасынын хирургиядагы реанимация бөлүмүнүн дарыгерлери оор абалдагы бейтапка операция жасап, өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришип, соцтармактагы баракчасына видео менен бөлүшүштү. Видеодо дарыгер окуя тууралуу айтып берет.
Маалыматка караганда, учурда бейтаптын абалы жакшы. «23-июлда ооруканага 16 жаштагы өспүрүм түшкөн. Экинчи кабаттан кулап кетип, денесине 18 сантиметр арматура кирип кеткен. Түшкөндө эле операция жасалды. Арматура кан-тамырларды үзүп кетиптир. Темир жамбаш сөөккө такалып калыптыр. Сейрек кездешүүчү операция жасалды. Операция болгонуна 10 күн болдуп калды», — деди дарыгер.