Жасалма номур менен унаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
13-январда рейд учурунда кызматкерлер Honda Accord үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда 1985-жылы туулган айдоочу Арменияга тиешелүү болгон унаасына жасалма жолу менен алынган кыргыз номурун тагып алып, айдап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча унаасы айып короо жайына токтотулуп, жасалма мамлекеттик номур менен жүргөндүгү үчүн 20 миң сом айып салынды. Ал эми унаанын тийиштүү докумменттери андан ары текшерүү үчүн Бажы кызматына өткөрүп берилген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram