Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү делген видео тарады

Социалдык тармактарда Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү делген видео тарады. Видеонун 5-январда саат 03:50 чамаларынан 05:30 чамаларына чейинки убакытта тартылганын көрүүгө болот.

Бүгүн, 5-январда Арстан Алай каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жактоочусу Самарбек Болотбеков менен байланышканыбызда, анын СИЗО-1ден №31 түзөтүү мекемесине өз эрки менен которулганын билдирген. Ошондой эле жактоочу акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги үйүндө өтөрүн, сөөгү 7-январда жерге берилерин маалымдады.