Арстан Алайдын өлүмүнүн себебин комиссия иликтейт

Юстиция министрлигинин буйругу менен 5-январда Жазаларды аткаруу кызматынын №31 мекемесинде болгон окуянын чоо-жайын тактоо боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Комиссия Арстан Алайдын өлүмүнүн чоо-жайын тактайт. Комиссия колдо болгон бардык материалдарды, анын ичинде Абдылдаевдин өз алдынча кыймылынын фактыларын көрсөткөн видеокамералардагы видеону жана суициддик жүрүм-турумдун белгилери бар башка аракеттерди изилдейт. Тиешелүү материалдар тергөөгө чейинки стандарттык жол-жоболордун алкагында толугу менен ачылып, тиешелүү органдарга каралат.

Бүгүн, 5-январда Арстан Алай каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирди.

Арстан Алай 14-декабрда дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жатканы маалым болгон. 15-декабрда анын УКМК тарабынан кармалганы жана «диний кастыкты козутуу» беренеси менени айыпталып жатканы айтылган. Кийин УКМК маалымат таратыпАрстан Алайды «кыздарды колдонуп жүргөн» деген. 17-декабрда бөгөт чарасы каралып, 15-январга чейин камакта калтырылган болчу. 25-декабрда социалдык тармактарда «Арстан Алай абакта каза болду» деген маалымат тарап, ЖАКтан бул маалымат жалган деп билдиришкен.