Арстан Алайдын сөөгү эртең, 7-январда жерге берилери маалымдалды. Маалыматтарга караганда, саат 10:00дө Үсөнбаев көчөсү 196 дарегинде жаназасы окулат.
Кечээ, 5-январда Арстан Алай каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жактоочусу Самарбек Болотбеков менен байланышканыбызда, анын СИЗО-1ден №31 түзөтүү мекемесине өз эрки менен которулганын билдирген. Ошондой эле жактоочу акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги үйүндө өтөрүн, сөөгү 7-январда жерге берилерин маалымдады.