Арстан Алайдын уулу: «Ата, сизди ким асып койду деп сурамакмын»

«Акыркы тилегим болсо, анда «Ата, сизди ким асып койду?» деп сурамакмын». Мындай сөздү бүгүн, 7-январда Бишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнатында анын уулу айтты.

5-январда Арстан Алай каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирдиСЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жактоочусу Самарбек Болотбеков менен байланышканыбызда, анын СИЗО-1ден №31 түзөтүү мекемесине өз эрки менен которулганын билдирген.