Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарга толуп калды. Бул туурасында бүгүн, 14-апрелде биринчи вице-премьер Артем Новиков ыктыярчылар менен жолугушуу учурунда билдирди.
Бирок анын айтымында, башка стационарларда бош орундар бар. «Мен кызыл зонада болдум. Улуттук госпиталда 50 бош орун бар. 400 орундукка эсептелген биринчи жана алтынчы оорукананы ачтык. Ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат сайтта бар. Тез жардам кызматынын станциясында интерактивдүү карта иштеп жатат: алар бейтапты каякка алып барууну билишет», — деди Новиков.
Ал ошондой эле ыктыярчыларга биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуу өтүлөрүн кошумчалады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин 14-апрель саат 8:00гө карата берген маалыматы боюнча, Бишкекте коронавирустан жабыркаган бейтаптарды жаткырууга 200дөн ашык орун бар.