«Артымдагы тешикти аңдыгыча…» Төкмө акын Болот Назаров УКМКны катуу сынга алды

Акын Болот Назаров УКМКны катуу сынга алган төкмөсүнүн видеосу социалдык тармакта тарап, учурда коомчулуктун талкуусун жаратууда.

«Мени сүйүп-күйүп жүргөн агент кызың,
Минтерин билбептирмин бир күн акыр.
Өзүңөр уюштурган бульбулятор,
Өзүнчө эле болду го бир театр.
Сунуштаган кызыңар атын айткан,
«Бульбулятор эмес, ал күлкүлятор», — дейт Болот Назаров.

Анда төкмө акын УКМКнын аракеттерине карабай сынбай турганын билдирген. Атайын кызматты журналисттер жана акындар менен күрөшүүнүн ордуна өз милдеттерин аткаруусун да айткан.

«Артымдын артындагы тешигимди,
Аңдыгыча акылын бир экчесе,
Улуттун коопсуздук кызматына,
Улуу эл тапшырды эле эсендигин», — дейт Болот Назаров.

Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишкен. Ушул эле күнү аталган каналда иштеген жана төкмө акын Болот Назаровдун да кармалганы маалым болгон. 23-январда Темиров менен Назаровдун тарапташтары  ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин жанында алардын бошотулушуун талап кылган митинг өткөрүшүп, экөө тең эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Милициянын маалыматы боюнча, иликтөөчү журналист менен төкмө акын сатуу максаты жок баңги затын мыйзамсыз даярдоого жана аны колдонууга көндүрүүгө шектелүүдө. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымындаНазаровдун канынын анализинен баңгизат бар болуп, ал эми Темировдун канынын анализи таза болуп чыккан.