«Артында 2 кыз, 1 уул калды». Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон жаран тууралуу айылдашы маалымат берди

Кечээ, 22-августта ӨКМ Орусиядагы жол кырсыкта каза болгондордун тизмесин жарыялады. Алардын арасында 1990-жылы туулган Абдулхамид уулу Жакыпбек да бар.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине атын атагысы келбеген айылдашы маркум тууралуу айтып берди.

«Жакын айылдашым эле. Менден бир жаш кичүү болчу. Абдан элпек, жашоого ою түз, аракетчил, эч кимге зыяны тийбеген бала болчу. Жубайы экөө Москвада иштешчү. 2 кыз, 1 уулу бар. Жакыптын атасы да жакында эле көз жумган. Туугандары чыркырап отурат», — деди ал.