Ош шаарында лифт аварияга учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка карганда, 4-октябрь күнү милицияга чалышып, Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жаңы салынып бүткөн көп кабаттуу үйүнүн лифти төмөн карай катуу түшүп, ичинде бир адам калып калганы билдирилген. Аталган маалымат ошол эле замат Ош ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция окуя болгон жерге барып кароо жүргүзгөн учурда көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө лифт түшкөн жеринде болжол менен 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жансыз дене Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну 1984-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Ал 2 ай убакыттан бери лифт оңдоп, иштеп жүргөн. Азыркы учурда маркумдун каза болуусунун себептерин тактоо максатында тийиштүү экспертизалар дайындалып, аталган даректин видео байкоо камераларынын эске тутуу блогу алынган.
Каза болгон адам тууралуу маалымат: Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну 1984-жылы туулган жараны үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Ош шаарынын 370-үйүн курган компания менен келишимдин негизинде лифт оңдоочу болуп иштеп жүргөн.