«Артында 3 баласы калды». Нарында милиция кызматкери өз жанын кыйды

Социалдык тармактарда Нарында милиция өз жанын кыйганы тууралуу маалымат тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 18-январь күнү саат 17:43 чамасында Нарын шаарында өз үйүндө жаран асынып каза болгондугу боюнча Нарын облустук ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнөн Нарын ШИИБдин «102» кызматына билдирген. Окуя болгон жерге Нарын ОИИБдин жана Нарын ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда Нарын шаарынын тургуну, 36 жаштагы жаран үйүндө жипке асынып каза болгондугу тууралуу маалымат такталган. Сыртынан кароо жүргүзүүдө денесинен күч колдонуу белгилер байкалган эмес. Маркумдун ата-энеси, жакын туугандары сөөктү соттук-медициналык изилдөө жүргүзүүдөн баш тартышып, эч кимге эч кандай доосу жок экендигин билдиришкен.

Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Аталган асынып каза болгон 1987-жылы туулган жаран милициянын капитаны, ички иштер бөлүмүндө 2012-жылдан бери кызмат өтөгөн, Нарын ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын взводунун командири кызмат ордунда эмгектенген. «Өзү сезимтал, кичипейил,ак көңүл, колунун көөрү төгүлгөн бош убактысында устачылык менен алектенген адам эле. Үй бүлөлүү, үч баланын атасы», — дешти.