«Артында 4 баласы калды». Баткенде каза болгон Махаматжан Мапаевдин сөөгү жерге берилди

18-сентябрда Баткендеги Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Мапаев Махаматжан Тургунбаевичтин сөөгү жерге берди.

Ал 1980-жылдын 11-июнунда Баткен облусунун Баткен шаарында туулган. Чек ара кызматында кызмат өтөп жатып, 16-сентябрь күнү тажик тараптын миномёт менен аткылоосунан оор жаракат алып, курман болду. Артында үч уул, бир кызы калды.