«Арыз-даттануулар айтылган жок». Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү Сариев менен баарлашып келген

Бүгүн, 4-августта Кыргыз Республикасынын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков башында турган өкүлдөр УКМКнын тергөө изодяторунда болуп, алдын ала текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

«Иш сапарынын жүрүшүндө, ар бир камера кароого алынып, экс-премьер-министр Темир Сариев, ЖАМКтын башчысынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев жана башка камактагы адамдар менен баарлашуу болду. Кыйноолор же кармоо шарттарына карата кармалгандар тарабынан КР КАУБ өкүлдөрүнө арыз-даттануулар айтылган жок«,- деп айтылат маалыматта.