Бүгүн, 29-октябрь саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу жол жабык. Бир саат аралыгында жеңил унааларга каттам берилери күтүлүүдө. Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.