Бүгүн, 9-январга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана «Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда. Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.