Аскар Акаев 2005-жылды — президенттиктен кеткен мезгилди эскерди

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев «МК» басылмасына маек берип жатып, 2005-жылдын март айындагы окуяны эстеди.

«Бүгүн дүйнөлүк коомчулук 2005-жылы Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш болгонун моюнга алды. Ал окуяларды Бакиев, Атамбаев, Отунбаева жетектеген. Алар кезек-кезеги менен президент болуп, ар дайым менин үстүмөн кандайдыр бир ишти ачууга аракет кылышты, бирок Башкы прокуратура айыптоонун көбү негизсиз экенин моюнга алды. Атамбаевден кийин анын жанындагы Жээнбеков бийликке келди, ал дагы менин суроомду бейтарап кароого кызыкдар болгон жок. Жалгыз Жапаров мага калыс мамиле жасады. Ал мага кылмыш иштерин жокко чыгара албасын, алардын жабылышы үчүн менин катышуум керектигин айтты. Мен буга макул болдум. Мен мекениме келе аларымды дароо билдим. Мурунку президенттердин тушунда Кыргызстандын укук коргоо органдарынан прокурорлор мага кайрылышкан. Анын үстүнө алар мени издөөгө салуу, узак мөөнөткө эркинен ажыратуу жана башка ушул сыяктуу менен коркутушкан. Мен алардын бардык сөздөрүнө көңүл бурбай, мени коркутпагыла деп айттым, анткени мени улуу Орусия коргоп турат. Бирок кийин мага мамлекет башчысы өзү телефон чалды, ал сөздү жөн калтырган жок», — деп комментарий берди ал.