Аскар Акаев Филипп Киркоровго 1 миллиард рублга бааланган пентхаус саткан

Орус эстрада ырчысы Филипп Киркоров Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге таандык батирге ээ болду. Бул тууралуу «Новый век» телеграм каналы жазып чыкты.  Белгиленгендей, элиталык батирди ырчы өткөн жылы сатып алган.

Телеграм-канал Россреестрдан документтин сүрөтүн жүктөдү. Документке ылайык, 2020-жылдын декабрында Киркоров Акаевден Филипповский турак жай комплексиндеги эки кабаттуу пентхаус сатып алган. Объектинин базар баасы дээрлик 1 миллиард рублга жеткен. Бирок Филипп Киркоров бул мүлк үчүн канча төлөгөнү белгисиз.

Пентхаус 537 чарчы метр аянтка ээ. Турак жай комплекси Москванын борборундагы Гоголевский бульварынын жанында жайгашкан. Имараттын ичи мрамор жана мозаика менен сарай стилинде жасалган.