Аскар Акаев Казакстанга лекция окуганы келет

19-июнь күнү Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев Казакстандын Улуттук университетине лекция окуу үчүн келет. Бул тууралуу университеттин сайтына маалымат чыкты.

«19-июнь күнү Аль-Фараби атындагы Казакстан Улуттук университетине Орусиялык Илимдер академиясынын академиги, Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин башкы илимий кызматкери Аскар Акаев келип, «Байыркы убактан берки демографиялык динамика жана адамзаттын келечеги» деген темада лекцияда өтөт. 

Иш-чарага чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрүнүн жетекчилери, илимпоздор, КазГУнун ветерандары катышат», — деп жазылат маалыматта.