Аскар Акаев: «Кумтөр» Кыргызстандын экологиясына абдан чоң зыян келтирди»

Кыргызстандын мурдагы президенти, жакында эле Кыргызстанга келип, «Кумтөр» боюнча УКМКга сурак берип кеткен Аскар Акаев «МК» басылмасы менен маектешип суракта эмне жөнүндө кеп болгонун айтты.

«Бишкекте мага берилген суроолордун көбү ушул конкреттүү ишке байланыштуу. Анткени, мен бул ишкана тууралуу эң көп маалымат билем, инвесторду 1990-жылдардын башында мен тапкан элем. Алар алгач жакшы иштешти. 1990-жылдары рекорддук мөөнөттө, үч жылдын ичинде Борбордук Азиядагы эң ири алтын казуучу ишкана курулду. Биринчи алтын 1997-жылы казып алынган. Тилекке каршы, 2000-жылдары алар кыянаттык менен пайдалана башташты. Экологияга чоң зыян келтиришти. Айрым чиновниктерибизди коррупцияга малды. Бул ишке зыянымды тийгизбеш үчүн башка эч нерсе деп айта албайм. Бирок мага берилүүчү суроолордун бардыгына жооп бердим. Тергөөчүлөргө эл аралык соттордо жардам бере турган бардык керектүү маалыматтарды берүүгө аракет кылдым», — деди.

Аскар Акаевдин айтымында, Кыргызстандын соттон жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору, анткени экологияга келтирилген зыян абдан чоң болгон. «Өлкө соттон утуп, «Кумтөр» элдин кызыкчылыгына жумшалат деп ишенем», — деди ал.