Аскар Акаев Кыргызстанга бир жумага келгенин айтты

Аскар Акаев Кыргызстанга бир жумага келди. Бул тууралуу ал журналисттерге УКМКнын имаратынын алдында айтты.

«Бүгүн биринчи сурак болду. Мен бир жумага келдим. Суроолор көп. Биз иштейбиз», — деди ал. Акаев өзүнүн кызыкчылыгын коргой турган мамлекеттик адвокатты тааныштырды. Ал Кумтөр боюнча бардык маалыматты берүүгө даяр экенин айтты.