Аскар Акаев: «Мен Садыр Жапаров менен жолугуп, учураштым»

Бүгүн, 2-августта Кыргызстанга мурунку президент Аскар Акаев учуп келди. УКМК анын Бишкекке алынып келгенин билдирип, сурак берип жатканын билдирген. Ошондой эле атайын кызмат маалымат жыйын уюштурган.

Жыйынга УКМКнын имаратанын Акаев өзү чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, ал Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров менен жолуккан.

«Садыр Жапаров менен резиденцияда жолугуп, учураштым. Ыраазычылыгымды билдирдим. Ушундай жол ачып бергенине. Республикага бардыгыбыз жардам беришибиз керек»,- деди ал.