Аскар Акаев: «Менин Кыргызстанга болгон сапарым Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган»

Кыргызстанга эки ирет келип, УКМКга сурак берип, кайра Москвага учуп кеткен Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев «МК» басылмасына маек берди. Ал өз маегинде эми Кыргызстанга ээн-эркин кирип-чыга аларын айтты.

«2021-жылы мен эки жолу мекениме бардым. Жайында бир жума, декабрда бир жума жүрүп келдим. Ал жакта күн сайын эртеден кечке чейин укук коргоо органдары менен абдан тыгыз иштештим. Азыр мекенимде мага карата эч кандай дооматтар жок, бардык иштер жабылды деп айта алам. Эми мен Кыргызстандын башка жараны сыяктуу эле каалаган убакта ал жакка бара алам. Албетте, буга азыркы президент Садыр Жапаровдун салымы чоң. Ал өзү мага телефон чалып, 16 жылдан бери Кыргызстанда мага карата көптөгөн ар кандай иштер чогулуп жатканын, алардын көбү ойдон чыгарылганын, бирок аларды жабуу үчүн менин түшүндүрмөлөрүм, жоопторум керектигин айтты. Бишкекке учуп келүү сунушун ыраазычылык менен кабыл алдым. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал жана анын бардык кол алдындагылары мага абдан жакшы мамиле кылышты», — деди ал. 

Ал эми «Кыргызстанга барганда алданып калам деген шек болгон жокпу?» деген суроого бул эки өлкөнүн президенттеринин деңгээлинде макулдашылганын айтты.

«Эч кандай шек болгон жок, анткени менин сапарым тууралуу маселе Орусия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган. Мен Владимир Владимировичке Орусияда мага ушунчалык меймандос мамиле кылганы үчүн чексиз ыраазымын. Бул жерде иштегениме 16 жыл болду, менин үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн», — деди ал.