Аскар Акаев Орусияга учуп кетти

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Москвага учуп кетти. Бул тууралуу журналисттерге анын тарапташы Болот Жанузаков билдирди.

Маалыматка караганда, ал уулу Илим менен бирге өлкөдөн чыгып кеткен.

Эске салсак, Аскар Акаев 2-августта Кыргызстанга келгени маалым болгон. УКМК анын Кыргызстанга алып келингенин айткан. Ошол эле күнү мурдагы президент журналисттерге тергөө менен кызматташууга жана өлкөгө бир жумага келгенин билдирген.