Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыкты

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу Айбек Самарбеков билдирди. Анын айтымында, Акаев ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгон. Апта ичинде ал УКМКга суракка келип турарын билдирди.

Мурдагы президенттин жакындары журналисттерге анын «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келгенин айтышкан. Анын өлкөдө беш-алты күн болот.

2005-жылы Март окуясында бийликтен куулгандан бери Аскар Акаев Кыргызстанга ушул жылдын август айында биринчи жолу учуп келип, ал тергөө менен кызматташууга келгенин билдирген эле.