Аскар Акаевди кандай тосуп алышты? Интернетке «Манас» аэропортунда тартылган видео тарады

Интернетке экс-президент Аскар Акаевдин Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда учактан түшүп жаткандагы видео тарады. 

Бүгүн, 2-февралда Кыргызстанга мурунку президент Аскар Акаев келди. УКМК анын Бишкекке алып келингендигин айтып, ведомстволук аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилгенин маалымдады. Азыркы учурда Акаев УКМКнын имаратында, ал жерде Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында керектүү тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.