Аскар Акаевдин Кыргызстанга келери кабарланууда

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин Кыргызстанга келет. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алар жазган маалыматтарга караганда, мурдагы президент Кыргызстанга уулу Илим Акаев менен бүгүн, 2-августта келет. Белгилей кетсек, Аскар Акаев 2005 -жылы өлкөдөн чыгып кеткенден бери Кыргызстанга келген эмес.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын «сатып алганын» далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.