Аскар Акаевдин УКМКда сурак берип жатканы айтылды

Мурунку президент Аскар Акаев бүгүн, 15-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатат. Бул тууралуу ЖМКлар жазышты.

Мурдагы президенттин жакындары журналисттерге анын «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келгенин айтышкан. Анын өлкөдө беш-алты күн болору да маалым.

2005-жылы Март окуясында бийликтен куулгандан бери Аскар Акаев Кыргызстанга ушул жылдын август айында биринчи жолу учуп келип, ал тергөө менен кызматташууга келгенин билдирген эле.