Аскат Алагозов: «Айгүл Жапарованын атын жамынган шылуундардын торуна түшүп калбагыла»

Биринчи айым Айгүл Жапарованын атын жамынып ар кыл мамлекеттик кызматка коебуз деп акча талап кылган учурлар катталып жатканы тууралуу маалыматтар болууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жазды.
«Ушуга байланыштуу жарандарды мындай шылуундардын торуна түшүп калбагыла деп эскертебиз. Айгүл Жапарова мамлекеттик же муниципалдык кызматтарга, же жеке компаниялардагы кызматтарга дайындоо үчүн эч кимге тапшырма бербейт. Эгерде ушундай маанидеги убадалар менен кайрылышса анда бул шылуундар деп билиңиздер», — деп жазылат билдирүүдө.