Аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө 3 эм жарыкка келди

Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын 36806 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери сержант Дастан уулу Мирландын келинчеги Алмазбек кызы Нуриза 3 эмди жарыкка алып келди.

Сержант Дастан уулу Мирлан 26 жашта. Ал 2017-2018 жылдары 36806 аскер бөлүгүндө аскердик кызмат өтөп, андан соң ошол эле аскер бөлүктө 7 жылдан бери аскердик кызматын улантып келет. Ал 2020-жылы жубайы менен баш кошуп, 2021-жылы уулдуу болуп атын Аманбай коюшкан. 12-октябрда эки уул жана бир кыз үч эм перзенттүү болушту. Аттарын Асель, Атай, Бакай коюшту.