Аскер кызматкерлерине экстремизмге, терроризмге каршы аракеттенүү боюнча семинар өткөрүлүп жатат

Аскер кызматчыларына экстремизмге, терроризмге каршы аракеттенүү боюнча семинар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2022-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында 3-апрелден 5-апрелге чейин Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда Коргоо министрлигинин жана башка күч түзүмдөрүнүн өздүк курам менен иштөө боюнча аскер кызматчыларына интернеттеги коопсуздук, экстремизмге, терроризмге каршы аракеттенүү, жаштар арасындагы радикалдашууну алдын алуу боюнча семинар-жыйындары өткөрүүлүдө.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев тарабынан “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”,“Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.

Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду.