Аскер лицейинин курсанттары окуу жайдан уруксатсыз чыгып кетишкен

Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин 2-курсунун студенттери окуу жайынан уруксатсыз чыгып кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 7-мартта болгон. Алардын уруксатсыз чыгып кетишине лицейдин педагогикалык жамаатынын талаптарын түшүнбөгөндүгү себеп болгон.

Учурда окуу жайдын курсанттарына жана кызматкерлерине карата териштирүү жүрүп жатат. Текшерүү Коргоо министринин көзөмөлүндө.