Аскерде каза болгон жоокердин таежеси: «Бир ок ээгинде, дагы бирөөсү чекесинде дешти»

Бүгүн, 4-июлда Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө аскер өзүн атып, каза болду. Акыйкаттык издеп SUPERTV`га кайрылган маркумдун жакындарынын айтымында, ал өз жанын кыймак эмес. Маркум бир нече жолу апасына ар кайсы номерге бирдик салдыртып турганын айтышууда.

«Мен каза болгон баланын таежеси болом. Апрель айында аскерге чакыртылган. Караколдо окуп жатып, окуудан чыгып калды. Анан эле аскерге чакыртып, алып кетишти. 21-майда ант берүү аземине бардык. Анан мына 40 күндөн кийин ушул окуя болду. Бир окту атып алган, анан коркуп, экинчи окту өзүнө аткан дейт. 2 гильза бар дешти. Инимдер көрүштү. Бир ок ээгинде, бир ок чекесинде дешти. Адам бир эле жолу өзүн-өзү ата алат да. А бул жакта эки ок башында турат. Аскерде жүргөндө апасы менен сүйлөшчү, ага бирдик салдыртчу экен. Эжесине чалып, ага да бирдик салдыртчу, мага чалчу мен бир жолу салып бергем. Эмнеге салдырып атасың десе, бир жолу «ич кийим алганга» дептир. Андан кийин сурашпаптыр», — деди ал.

Ал иниси түндө жакшынакай эле чалып, «менде баары жакшы, постто турам» дегенин айтат. «Анан 4 саат өтпөй эле «өлдү» деп жатышпайбы. Армиянын эмне кереги бар? Уруп-сабап жатышса да, аны эч кимге айттырбайт экен», — дейт таежеси.