“Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн дагы бир Q 400 учагы сатып алынды

Акыркы үч жылда “Манас” эл аралык аэропорту болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн сатып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи самолеттун келишине байланыштуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.

МинКаб төрагасы белгилегендей, 2019-жылы компаниянын таза кирешеси 2 миллиард 108 миллион сом болсо, 2023-жылы таза киреше 6 миллиарддан ашык сомду түзгөн.

“2023-жылы инвестициялык активдүүлүк 5 миллиард 368 миллион сомду түзүп, жеке каражаттын эсебинен “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн эки Q 400 жана “Эйркей джи” авиакомпаниясы үчүн бир Beechcraft King Air 360 учактарын сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү. Бүгүнкү күндө дагы бир Q 400 учагы сатып алынды. Мындан тышкары, ички жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуунун туруктуу өсүшүнө жетишүү мүмкүн болду. 2023-жылы жалпы жүргүнчү ташуу 5 миллион 609 миң жүргүнчүнү түздү. 2021-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде өлкөнүн аэропортторунда тейленген жүргүнчүлөрдүн өсүү динамикасы 3,98 миллиондон 5,6 миллионго чейин болуп ал 41%ды түздү”, — деди ал.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө “Манас” эл аралык аэропортунун өздүк каражаттарына “Каракол”, “Казарман”, “Кербен”, “Талас”, “Нарын” аймактык аэропорттору реконструкцияланып, ал аэропортторго жаңы авиакаттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк түздү. Ошондой эле Жалал-Абад облусуна жаңы эл аралык аэропорт куруу маселеси каралууда.

“Аэропортторду модернизациялоо аба каттамдарынын санын көбөйтүүгө жана учуу географиясын кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү шексиз, бул биздин аймактардын экономикалык жана туристтик потенциалына оң таасирин тийгизет. Bombardier Dash 8 Q-400 биздин муктаждыктарыбыз үчүн идеалдуу заманбап, ишенимдүү жана үнөмдүү учак. Самолёт кыска аралыкка учууну эффективдүү аткарууга жөндөмдүү, бул биздин өлкөнүн шаарлары менен аймактарынын ортосундагы учууларды талашсыз ыңгайлуу кылат. Бул учакты эксплуатациялоонун үнөмдүү болушу бизге арзаныраак тарифтерди сунуштоого мүмкүндүк берет, бул Кыргызстандын тургундары үчүн аба каттамдарын жагымдуураак кылат. Биздин президентибиз Садыр Нургожоевич алдыга чоң максаттарды койгон жана ал “Асман аба жолдору” улуттук авиакомпаниясын эл аралык авиация рыногуна алып чыгуу боюнча тапшырмаларды берди”, — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.