«Асманга ок атылып». Ошто Ооган согушунун курмандыктары эскерилди

Бүгүн, 15-февралда Ош шаарында интернационалист-жоокерлерге арналган мемориалдык комплексте Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарада катышуучулар мемориалдык комплекстеги өчпөс отко гүл коюшуп, асманга ок атылды. Ошондой эле курман болгон интернационалист-жоокерлердин элесине багышталып куран окулду. Ош мэриясы ооган ардагерлерине материалдык жардам катары 240 миң сом бөлгөн. Ооганстандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган. Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 34 жыл болду. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 368 интернационалист-жоокер жашайт.