Астана Бишкекке гуманитардык жүк жөнөтөт

Казакстан Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык жабдыктарды жөнөтөт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн өкмөт башчысынын сайтында маалымат жарыяланды.

Гуманитардык жүк менен 400 ИВЛ мобилдик аппаратынын комплекти менен казак ишканаларында өндүрүлгөн 2 миллион медициналык бет кап Астанадан Бишкекке келет.

Мындай чечим кыргыз тараптын расмий кайрылуусуна байланыштуу кабыл алынган.

Буга чейин 15-ноябрда Өзбекстан Кыргыз мамлекетине дары-дармек жана бет каптарды жөнөткөнү маалым.