25-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ат-Башы районундагы мал базар жана соода борбору менен таанышты.
«2022-жылы базар толук трансформацияланып, жалпы 7,8 гектар жерди ээлеген. Анын ичинен 3,7 гектары толугу менен курулуп, эксплуатацияга даяр абалда. Базар иштебей турган учурда да салыктар толугу менен төлөнүп келет. Ат-Башы районундагы соода борбору 700-800 орунга ылайыкташтырылган. Эгер ишкерлер патент алса жана салык төлөсө, бул районго кошумча киреше алып келмек. Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан аймактын 1,5 гектары мал сатууга ылайыкталган. Кой-эчки, уй жана жылкы сатуу үчүн атайын бөлүнгөн жайлар каралган. Бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлса, базар толук ишке кирип, районго киреше алып келмек», — дейт жеке ишкер Канат Алтыганов.
Агрардык туризмди өнүктүрүү жана колдоо максатында Арашан породасындагы асыл тукум койлордун көргөзмөсү 19-апрелде өтөт. Бул иш-чарага байланыштуу Ат-Башы районундагы мал базардын ачылышын пландоо каралууда. Министр базардын туруктуу иштешин камсыз кылуу жана бардык шарттарды жакшыртуу тапшырмасын берди.