Ат-Башыда милиция кызматкери Прада деген күлүгү менен коопсуздукту камсыздайт (сүрөт, видео)

Бүгүн, 2-февралда ИИМ Ат-Башы районунда кызмат өтөгөн Токтоналы уулу Жекшенбек тууралуу маалымат берди.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин жана Терек-Суу айылынын милициянын аймактык тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Токтоналы уулу Жекшенбек 2014-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келет. Ички иштер органдарындагы алгачкы кызматын Атайын операциялар отрядында кызмат өтөө менен баштаган.

“Ат адамдын канаты” демекчи Жекшенбек мырзанын Прада аттуу аты бар. Аны менен айылдын аймагын кыдырып, коомдук коопсуздукту камсыздоого дайыма чогуу чыгышат. Прада күлүк аттардан болгондуктан, Кыргызстан боюнча ат чабыш оюнунда биринчи орунду ээлеген. Мындан сырткары ал оодарыш жана улак тартыш оюндарына катышып келет. Өзү Ача-Кайыңды айылында жашагандыктан, күн сайын Прада менен 8 чакырым аралыкты басып өтүп, жумуш ордуна келет. Ат-Башы району тоолуу аймак болгондуктан айрым жерлерге унаалар бара албагандыктан, ат менен гана барууга мүмкүн. Ушуга байланыштуу, Жекшенбек мырза Прада менен дайыма бири-бирине жөлөк болуп кызмат өтөп келишет», — дешти.